Абдраманов Калдарбек Алишерович

Абдраманов Калдарбек Алишерович (1955ж. туулган, Жалал-Абад облусу, Базар-Коргон району, Акман кыштагы) хирург, медицина илимдеринин доктору (1996), КММИни (1982), ошол эле жерде аспирантураны (1993) жана РМИАнын А. Н. Бакулев атындагы жүрөк-кан тамыр хирургиясы институтунун докторантурасын (1996) бүтүргөн. КММИде ассистент, №1 ШКОда хирург, Кыргыз кардиология ИИИнда дарыгер, РМИАнын жүрөк-кан тамыр хирургиясы институтунда клиникалык ординатор болуп иштеген. 1997-жылдан КРнын Саламаттык сактоо министрлигинин кардиология жана терапия илимий борборунун башкы илимий кызматкери, КММАда профессор Тубаса жүрөк кемтигин хирургиялык жол менен айыктыруу жана жүрөктүн согуу ыргагынын бузулушун дарылоо боюнча адис.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1