Кабай Абдракман (Абдрахман) уулу (1914-1937-жж) - агартуучу, жыйноочу. 1914-жылы Чон-Кеминде туулган.

1920-жылдары Арстанбек Бойлош уулунун чыгармаларын жыйноого киришкен. Адистердин баамында Арстанбектин ырларын өз атасы Абдыракмандан, ошондой эле айтылуу күүчү Муратаалы Күрөңкөй уулунан угуп чонойгон.

Кийин кат-сабаты жоюлганда аларды кагазга түшүргөн. Кыргызстандын түштүгүнө мугалимдик кылууга которулуп, ошол жакта жүргөнүндө жазыксыз жерден репрессияланган.

Кабай Абдракман уулу куугунтукка кабылганда, Кеминде калган ата-энеси кол жазмаларын кийизге ороп, короосунун четине көөмп коюшкан. Арстанбектин ырлары камтылган кол жазмалар Совет бийлиги кулаган соң гана, 1992-жылы жер айдоо убагында кокусунан табылган.