عبدالقادر مراغی Абдулкадыр Мараги Абд аль-Ка́дир ибн Гаиби аль-Хафиз аль-Мараги (перс. عبدالقادر مراغی) Абдулкадыр Мараги деген каймана ат менен белгилүү болгон Абдулкадыр Гаиби Мараги – IX-кылымдагы ирандын акыны, музыканты, өнөрпозчусу. Аны музыканын экинчи устаты деп аташкан (булакты кароо зарыл). Андан тышкары ал абдан дасыккан ырчы болгон жана ажайып кооз жазуу, акынчылык менен сүрөт тартууда, Куранды жатка билген эң бийик таланттуу инсан болгон. Алгачкылардан болуп Европанын немис окумуштуусу Гизз Веттер Абдулкадыр Марагени музыканын теоретиги деп атаган. Марагенин эмгектеринде адамдын макамы айтылган. Марагенин эмгектерин изилдөөчү С.Акаева төмөндөгүдөй деген:

... Марагени изилдөөдө иштеринде ал биринчилерден болуп (Лар) поэзиянын концепциясын жана ага тийешелүү теорияны изилдеген.... 

Ой пикирлери жана ачылыштары түзөтүү

Абдулкадыр Мараги Фараби, Абу Али ибн Сина, Сафи Аддин Урмави, Кутбу-аддин Ширази сыяктуу иран музыкасындагы эң белгилүү музыка теоретиктеринин катарына кирет. Мараге өзүнүн жашоосунун ар кандай этаптарында Багдад, Басрда жана акырында Гератта Монголдордун Шахрухшахынын кол алдында иштеген. Осмон империясында ырчы, композитор жана музыка теоретиги катары эң негизги адам болуп мифге айланган. Бүгүнкү күндө осмон музыкалык репертураныда отуздан ашык эмгек Абдулкадыр Марагеге таандык деп эсептелип, көптөгөн музыканттар ал эмгектерди тарыхый оригиналдуу деп баалашат. Бизге жеткен чыгармаларынын көбү “Аткаруу” жана “Роль” болуп эсептелет, бирок Мараги өзүнүн трактаттарында мындай чыгармалар “Дайымкы бурулуштар” ант, газал жана лирика сыяктуу ички бөлүктөрдү өзүнө камтыйт деп сүрөттөгөн. Анын трактатынын эң маанилүү бөлүгү музыкалык этаптардын системасынын потенциалдык убакытын таап, ыкмаларын бөлүүнү изилдөөгө арналган. Ритмикалык циклди тааныштыруу анын формаларын изилдөө да Марагинин негизги изилдөөгө алган иштеринин бири. Мараги өзүнүн трактаттарында кээ бир жүрөктү элжиреткен Камче, Гайчак, Удхайи, Рабаб, Луто сыяктуу эң белгилүү музыкалык аспаптардын өзгөчөлүктөрүнө түшүндүрмө берген. Абдукадыр Марагенин чыгармаларын изилдеп отуруп анын иран музыкасынын ритми перс поэзиясынын же лирикалык чыгармаларынан чоң таасир алганы байкалат. Индия музыкасында да музыкалык убакытты бөлүүдөгү эң көп таасир поэзияга, өзгөчө ырды созууда санскрит тилинин муундарга бөлүүсүнөн алынган. Сафи Аддин Урмави менен Абдукадыр Мараге Аль-Канди Монтазамийе мектебинде Фараби, Ибн Сина сыяктуу көрүнүктүү музыканттардын тажрыйбаларын улантышкан. Абдулкадыр Мараги Ятуган (түркчө б.а. пахлавиче “уктоочу” музыкалык аспабын тааныткан, ал музыкалык аспап бүгүнкү сантур музыкалык аспабына окшош болгон. алардын айырмасы ар бир үнгө ар башка кыл тагылганында жана кылдарды жылдыруу менен аспапты күүгө келтиришкен (булакты кароо зарыл).

Жаңы аткаруулары түзөтүү

Абдулкадыр Марагенин кээ бир ырлары менен чыгармаларын Мохаммад Реза Дариуши жетектеген “Абдуалкадыр Мараге” атындагы музыкалык топ Хамайун Шажарияндын аткаруусунда “Шугнамэ” деген ат менен кайрадан ырдап чыгышкан. Мохаммад Реза Дариушинин Турцияга болгон сапарында Абдуалкадыр Марагенин 22 ырын топтогон. Анын айтымында, ал “Шахре Ашуб” (Баш аламан шаар) атту тасмада дал ушул ырларды колдонушкан. Андан тышкары Фархад Фехраддини чыгарган “Имам Али” сериалынын музыкасы да Марагиге таандык.

Эмгектери түзөтүү

Абдулкаыр Марагенин чыгармаларынын көбү фарсы тилинде жазылган:

  • “Жаме аль-алхан” (Мелодиялар жыйындысы) китеби- Ирандын эң алгачкы нота жыйнактарынын үлгүлөрү жазылган (Булакты кароо зарыл).
  • Кензалхан
  • Шархе Эдвари (Ритм жөнүндө)

Булактар түзөтүү

  • Рабанаги Мохаммад, Тегеран: 1931-ж.
  • Маданият жана Ислам министрлиги – Макалалар жыйнагы – Тегеран 2003-жыл.
  • Маданий мурастар маалымат агенттги
  • Маданий мурастар
  • Абдулкадыр Марагинин Жам альХан аймактык чыгармалар – изилдөө: Доктор Али Аштраф Садеги, Филология журналы, 9-жыл, 1-сан, жаз жана күз 2002-жыл
  • Farmer, H.G. "Abd al- Qadir b. GHaybi al-Hafiz al-Maraghi." Encyclopaedia of Islam. Edited by: P. Bearman , Th. Bianquis , C.E. Bosworth , E. van Donzel and W.P. Heinrichs. Brill, 2007. Brill Online. quote:", the greatest of the Persian writers on music. Born at Marāg̲h̲a, about the middle of the 8th/14th century, he had become one of the minstrels of al-Ḥusayn, the Ḏj̲alāʾirid Sultan of ʿIrāḳ, about 781/1379."
  • Heinrich von Diez and his Eponymous Albums, David J. Roxburgh, Muqarnas, Vol.12, 1995, 127; "Ghaybi al-Hafiz al-Maraghi, the Persian musician and musical theorist who attended the court of Shahrukh after 1405
  • Walter Feldman, Music in the Ottoman court

Сырткы шилтемелер түзөтүү

  • Дариуши Мохаммад Резанын Абдулкадыр Марагенин чыгармаларын кайрдана ырдап чыгуу аракеттери
  • Музыкалык аспаптар
  • Шугнаме, Абдулкадыр Марагенин ырларын кайрадан ырдап чыгуу
  • Абдулкадыр Марагенин ырларын карйданан ырдап чыгуу. Мараге тобунун жетекчиси Сепиденин аткаруусунда.

https://fa.wikipedia.org/wiki/%D8%B9%D8%A8%D8%AF%D8%A7%D9%84%D9%82%D8%A7%D8%AF%D8%B1_%D9%85%D8%B1%D8%A7%D8%BA%D9%87%E2%80%8C%D8%A7%DB%8C Музыка