Абдулла ибни Зайд (22/644-жылы өлг.) – Мухаммад пайгамбардын ﴾ﷺ﴿ белгилүү сахабаларынын бири. Ал түшүндө азандын (намазга болгон чакырыктын) эрежелерин жана сөздөрүн көргөн адам болгон, алар Мухаммед пайгамбар ﴾ﷺ﴿ тарабынан жактырылып кабыл алынган. Ушунун себебинен аны «Сахиб-ул-Азан» (азандын түзүүчүсү) деп аташкан.


Абдулла ибни Зайд мадиналык Хазраж уруусунан чыккан. Ал Акабадагы антташуунун катышуучусу жана Мадинадагы алгачкы мусулмандардын бири болгон. Мухаммед пайгамбардын ﴾ﷺ﴿ Мадинага көчүп келишинен кийин, Абдулла Бадрдагы жана башка салгылаштарда катышып, баатырдык менен согушкан. Меккенин алынышы күнүндө ал Хазраж уруусунун отрядынын туусун кармаган.

Абдулла ибни Зайд болжол менен 64-жылы, халиф Усмандын башкаруу мезгилинде, көз жумган.

Колдонулган булактар түзөтүү

Али-заде А. Исламский энциклопедический словарь. — Ансар, 2007. — ISBN 5-98443-025-8

Калып:Сахабалар