Абдулла ибни Умм Мактум
Абдулла ибн Умм Мактум (4/635-ж. курман болгон) – Мухаммед пайгамбардын ﴾ﷺ﴿ сахабаларынын бири, пайгамбардын ﴾ﷺ﴿ жубайы Хадижанын (р.а-а) эки-ата тууганы, Исламдын экинчи муэдзини (азанчысы).
Өмүр баян
түзөтүүАбдулла тубаса сокур болгон. Ал Меккеде төрөлгөн, уругу жагынан Курайш уруусунан болгон. Жана алгачкылардан болуп Исламды кабыл алган. Динди карманганы үчүн куугунтуктарда болгон жана Мадинага көч (хижра) жасаган. Мусаб ибни Умайр менен чогуу мадиналыктардын арасындагы дааватка катышкан.
Абдулла ошондой эле Курандын мыкты билгичтеринен болгон. Азиздигине карабасатан, ал мусулмандардын душмандар менен болгон негизги согуштарына катышкан, жоокерлерге колдон келишинче жардам берген жана тууну көтөрүүчү болгон. Халиф Умардын башкаруу тушунда Кадиссиядагы салгылашта курман болгон, анда мусулман армиясы перстерди талкалаган эле. Өзүнүн акыркы урушунда да Абдулла мусулман армиясынын туу-көтөргүчү болгон.
Абдулла ибни Умм Мактумдун ысмы Мухаммед пайгамбарга ﴾ﷺ﴿ курандык бир сүрөнүн (Абаса) түшүшү менен байланыштуу, анткени ошондо, качан пайгамбар ﴾ﷺ﴿ меккелик билермандарга Исламдын ынанымдарын түшүндүрүүгө аракет кылып жатып, так ошол учурда ага Абдулла Курандан аят окуп берүүсүн суранып келгенде, нааразылык кылган учур болгон эле.
Колдонулган булактар
түзөтүүАли-заде А. Исламский энциклопедический словарь. — Ансар, 2007. — ISBN 5-98443-025-8