Абдурахман аптабачы (туулган жылы белгисиз 1881) Кокон хандыгынын мамлекеттик ишмери жана колбашчы; кыргыз-кыпчак урууларынын төбөлү. Мусулманкул миңбашынын уулу. 1845-ж. 14 жашар Кудаяр белгилүү бий Мусулманкулдун жардамы менен такка олтурган. Мусулманкул хандын тукуму менен туугандашуу үнүн кызын Кудаяр ханга берген. Ошол кездеги жаш Абдурахман Кудаярдын бир тууган кайниси катары ордодо чоңоюп, курбалдашы Кудаяр менен теңтуш болуп өскөн. Атасы 1852-ж. Кудаяр хандын буйругу менен өлтүрүлгөндүгүнө, көз алдында кыпчак туугандарын кырдыргандыгына карабай, баарына чыдап, акырындык менен жөнөкөй «аптабачылык» (хан колуна суу куюучу бала) кызматтан ордодогу негизги бийлик миңбашылыкка чейин жеткен. 1870-жылдын башында ал кыргыз бийлери менен байланышып, Кудаяр ханды алмаштырууну көздөгөн. Абдурахман аптабачы лейлектик кыргыздардын чапкылык уруусунун бийлерине көтөрүлүшкө чыгуу зарылдыгы жөнүндө кат жазган. Натыйжада, лейлектиктер Кокон хандарынын Кожент шаарында жашап жаткан урпактарынын бири Садыкбектин уулу Абдыкеримбекти чакырышып, хан көтөрүшкөн. Көтөрүлүшчүлөргө каршы Кудаяр хан 7 паңсаттын башчылыгында чоң кошуун жиберип, кыймылды аёосуз баскан. Кыргыздар тоого качып кетишкен. Ошол мезгилде Россиянын карамагында турган Кожентке кайткан Абдыкеримбекти орус бийликтери Кудаярдын өтүнүчү менен Кокон ордосуна туткун катары тапшырышкан. 187374-ж. Абдурахман аптабачы Кудаяр ханга каршы көтөрүлгөн Полот хандын, Мамыр Мерген уулунун, Абдылдабектин жана башка кыргыз бийлеринин көтөрүлүшүн басууда кокондук жазалоочу аскерлерине башчылык кылып, бул кызматы үчүн 1874-ж. Кудаяр хандан «Парваначы» наамын алган. 1875ж. июлда Кокон хандыгына каршы көтөрүлүш күчөп, Кыргызстандын түштүгү жана Фергананын бир катар аймактары Полот хан жетектеген көтөрүлүшчүлөрдүн колуна өтө баштаган. Өзгөндө башталган көтөрүлүштү басууга Кудаяр хан тарабынан жиберилген Абдурахман аптабачы, Калназар жана Сарымсак эшик ага 4000 аскери менен 17-июлда көтөрүлүшчүлөр тарапка өтүп кеткен. 19-июлда Анжиян вилаетинин беги Кудаяр хандын уулу Насреддинбек, Маргалаң вилаетинин беги Султанмурат да күрөшкө чыккан эл тарапка кошулган. 22-июлда Кудаяр хан Коконду таштап, Россия ээлигине баш калкалап качууга аргасыз болот. Абдурахман аптабачы, Иса олуя жана башкалардын колдоосу менен анын ордуна уулу Насреддинбек хан көтөрүлөт, ал эми Полот хан жашыруун түрдө туткунга алынат (ал 22-августта Чаткал тарапка качып кеткен). Абдурахман аптабачы менен Насреддин хан элдин күрөшүн диний мүнөзгө багыттап, «ыйык казатка» («газаватка») чакырган. 1875-ж. элдик көтөрүлүш кайра күчөгөндө Насреддин хан орус падышалыгынын аскерлерин жардамга чакырууга аргасыз болот. Падышалык бийликтин М. Д. Скобелев башында турган жазалоо отрядына 1876-ж. январдын акырында Анжияндан 8 чакырым аралыкта жайгашкан Индукыштакта Абдурахман аптабачы жана аны менен кошо кыймылдын белгилүү жетекчилеринен болгон 26 бий жана бектер, 400 жигит багынып берип, көтөрүлүшчүлөргө чыккынчылык кылган. Абдурахман аптабачы Екатеринбург шаарына жөнөтүлүп, жылына 3000 рубль көлөмүндө маяна алып жашап турган. 1881-ж. 1-январдагы буйрук менен орус падышачылыгы Абдурахман аптабачыга милициянын полковниги деген чин ыйгарып, полициялык көзөмөлдөн куткарган. 1881-ж. 25-февралда Абдурахман аптабачы Мекеге барууга уруксат сурап, борбордук бийликке кат жазган. Бирок каттын жообун алууга үлгүрбөй, 1881-ж. 25майда көз жумган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1