Абдыкаров Сабырбек 1949-жылы 9-майда Сузак районунун Сары-Булак айылында туулган.

Багыш айылындагы орто мектепти аяктап, Жалал-Абад шаарындагы зооветеринар техникумуна тапшырып, ветеринар кесибине ээ болгон. Эмгек жолун “Дружба” совхозунда ветеринар болуп иштеп баштаган.

1971-жылы Советтик Армиянын катарында кызмат өтөп келип, Көк-Жаңгак шаарында милиция кызматкери болуп ишке орношот. Көп жылдар Көк-жаңгак шаарында милицияда кызмат кылып, ошону менен катар милиция окуу жайын аяктайт.

1980-жылы Майлуу-Сай шаарына которулуп ал жерде көп жылдар кызмат кылат. Кынтыксыз кылган кызматы бааланып, “Кадырман” медалы жана бир нече юбилейлик медалдар, ардак грамоталар менен ‘Милициянын отличниги”. 2015-жылы дүйнөдөн кайткан.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Ааламга кеткен жол айылдан башталат: Багыш айыл аймагы. – Бишкек, 2015. ISBN 978-9967-04-673-3