Абдыкеримова Мусират Өрмөкчү. 1938-ж. Кара-Кулжа районундагы Ой-Тал айылында төрөлгөн.

Орто билимдүү. Узга кайын энеси Салыйкан катары согууну үйрөтөт. Ал терменин «беш илик көчөтүн», «үзөңгү илик көчөтүн», «тумарча көчөтүн», «кол салык көчөгүн», «жээкче көчөтүн» так түшүрө алат. Мусират үзүк боого, туурдук боого, кереге таңууга «кош чагармак көчөтүн» түшүрүүгө 26 тал (13+13) жип алат. Ал төрт өңдөн турат. Адегенде карадан «жээк» алып, анан ак-карадан «чычкан изи» көчөгүн түшүрүп, кара же кызыл эки же төрт тал жипти «тап» бердирет. Анан көркөм көчөттөрдү терет. Эгер тал жиптер кызыл-көк болсо, адегенде анын кызылынан төрттөрт талдан, кийин көгүнөн төрт тал терилип, анан кызылдан төртөө дагы терилгенден кийин көгүнөн экөө, кызынынан экөө терилип, «чагармактын сыңары» пайда болот. Эми «чагармактын төңөлөгүн» чыгарууда адегенде көктөн экөө, анан кызылдан экөө, көктөн үчөө, кызылдан экөө, кайра көктөн төртөө, кызылдан төртөө чалынат. Калкытма үчүн анын экинчи тарабында бул кайталанат. Уз ээр жапкычты согууда ак жип менен кызыл жипти териш үчүн абалы ак жиптен түр чыгара баштаганда кызыл жиптер эндей калып, алдына калкый берет. Ап жиптин түрү бүткөндөн кийин, тескерисинче, кызыл жип үстүнө терилип келет. Бир кызылы алдына түшүп, анан экинчи, үчүнчү, төртүнчү кызыл талдан кийин кайра бир ак тал терилет да, бул жол улам-улам алмашып турат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Акматалиев A. Кыргыздын уз-усталары: Антология/Башкы ред. А. Карыпкулов; сүрөтчүлөрү Д. Чочунбаева, Г. В. Половникова. — Б.: КЭнин Башкы редакциясы, 1997, — 240 б. ISBN 5-89750-080-0