Абдыкеримова Саламат (28. 2. 1958-ж. туулган, Суусамыр кыштагы) - эл агартуунун отличниги (2003).

Пржевальск шаарындагы педагогикалык институтунун башталгыч класстарды окутуунун методикасы факультетин бүтүргөн (1979). Эмгек жолун Суусамыр орто мектебинде мугалим болуп баштап, учурга чейин эмгектенип келүүдө. 2003-ж. «Эл агартуунун отличниги» төш белгисин алган.

Бир нече жолу райондук жана облустук элге билим берүү бөлүмдөрүнүн Ардак грамоталары менен сыйланган. Жыл мугалимй номинациясынын жеңүүчүсү болгон. Жаныш уруусунан.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Суусамыр: Энциклопедия /Башкы ред. Ү. Асанов. - Б.: Энцик. борбору, 2010. - 312 б., илл. ISBN 978-9967-14-076-9