Абдылдаева Татты (Канымбүбү)

Абдылдаева Татты (Канымбүбү) Уз. 1926-ж. Нарын районундагы Куланак айылында төрөлгөн.

Китепканачылых кесипте эмгектенип, азыр ардактуу эс алууда. Баатыр эне. Узчулук нусканы энелери Аликеден (Купанак айылы), Тобокелден (Эмгек-Талаа айылы) алган. Чеберчилиги 100-120 баш ак өргөө көтөрүүдөн баамдалат. Өрө кийиз, жабык баш, тегирич, терме боо-чуу, кават чий, чыгдан чий, эшик чий, кылдырооч, төтөгө өңдүүлөрдү бир колдон жасалгалаганы анын уздук демин билдирет. Жасаган буюмдары көркөм өнөрдүн табиятына жана жердигинин тазалыгына коошуп турат. Боз үйгө таандык буюмдарында бири-бирине үндөштүк Ич ара ширелишип, ал көбүнчө «мүйүз оюмдарын» арбын «жарым кыялданта» алып, ар бир такта оюмдарына сыртынан «бычак учу» чыгарып, «чычкан изиндей» шырыкты майдалай жүргүзөт. «Жагалмай канат оюму», «кош канат оюму», «карга тырмак оюму» аркылуу салттуу көркөмдүктөрдү көк-кызыл, кара-ак, жашыл-кызыл түстө берет. Ак өргөөнүн ички көрүнүшүндө улуттук татым көк-кызыл өңдөрдүн үстөмдүк кылышынан таасын сезилет. Катышкан көргөзмөлөрү, кароо-сынактары жана алган сыйлыктары 1987-ж. Улуу Октябрь социалисттик революциясынын 70 жылдыгына карата республикалык ат майданында ак өргөөсү тигилген. Кыргыз ССР маданият министрлигинин Ардак грамотасы. 1992-ж. Кыргыздардын Бүткүл дүйнөлүк курултайында республикалык ат майданында ак өргөөсү тигилген. II даражадагы сыйлык.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Акматалиев A. Кыргыздын уз-усталары: Антология/Башкы ред. А. Карыпкулов; сүрөтчүлөрү Д. Чочунбаева, Г. В. Половникова. — Б.: КЭнин Башкы редакциясы, 1997, — 240 б. ISBN 5-89750-080-0