Абдылдаев Болот Ишембаевич

Абдылдаев Болот Ишембаевич (1952-ж. туулган, Фрунзе) эндокринолог, медицина илимдеринин доктору. КММИни (1983), РМИАнын докторантурасын бүтүргөн. СССР МИАнын Бүткүл союздук эксперименттик эндокринология жана гормондор химиясы институтунда клиникалык ординатор, Фрунзе шаардык эндокринология диспансеринде балдар эндокринологу, КММАнын педиатрия кафедрасында ассистент, улук илимий кызматкер. Балдар эндокринологиясы боюнча адис.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1