Абдылдаев Рыспек Алдагандаевич

Абдылдаев Рыспек Алдагандаевич (1950-ж. туулган, Ысык-Көл облусу, Түп району, Каракол кыштагы) онколог, медицина илимдеринин доктору (1986), профессор (1990). КММИни бүтүргөн (1973). СССР МИАнын онкология илимий борборунда аспирант (1978), ошол борбордо кенже, улук илимий кызматкер. 1981жылдан Кыргыз онкология жана радиология илимий изилдөө институтунда бөлүм башчы, директордун орун басары, 2000-жылдан КРнын Саламаттык сактоо министрлигинин онкология илимий борборунун башкы директору. 130дан ашык илимий эмгектин автору.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1