Абдыразаков Бактыбек 1967-жылы 3-февралда Сузак районунун Октябрь кыштагында туулган.

  • 1984- жылы Макаренко атындагы орто мектепти аяктап, Фрунзе шаарындагы политехникалык институттун “Механико- машиностроительный” факультетине тапшырган.
  • 1985-1988-жылдары Советтик Аскер-дениз флотунун, Латвияда жайгашкан аскер кемелеринде кызмат өтөп келгенден кийин, үй-бүлөөлүк шартка байланыштуу,
  • 1988-жылы окууну ФПИнин Ош шаарындагы кечки бөлүмүндө окуп,
  • 1992-жылы артыкчылык диплому менен инженер-механик кесибине ээ болгон.
  • Эмгекжолун 1992- жылы Жалал-Абад шаарындагы “НУР” акционердик коомунда (ШР заводу) инженер-конструктор болуп баштаган.
  • 1994-жылы Кыргыз Республикасынын Улуттук Коопсуздук комитетине аскердик кызмат өтөөгө чакырылып, кызматты Жалал-Абад Областтык башкармачылыгында кенжеопер даражасында баштаган.
  • Ушул эле жылы Бишкектеги УКМКнын атайын Жогорку Курсун бүтүрүп,
  • 1995-жылы Жалал-Абад шаарында кызматын уланткан.
  • Таш-Көмүр шаардык, Ала-Бука, Аксырайондук жана Ош областтык башкармачылыгынан ар кандай бөлүмдөрүндө кызмат өтөгөн.
  • Биринчи жетекчилик кызматка 2001-жылы УКМКнын Аксы райондук бөлүмүнүн башчылыгынан баштаган.
  • Кыргыз Республикасынын, элибиздин улуттук коопсуздугун камсыз кылуу иштеринде жетишкен ийгиликтери үчүн, ар кандай даражадагы сыйлыктар менен сыйланган.
  • 2011 -жылы Жалал-Абад областтык башкармачылыгынын коопсуздук бөлүмүнүн башчысы бөлүп туруп,
  • 22 жыл аскердик кызматты өтөгөн соң пенсияга чыккан.
  • Коопсуздук кызматынын подполковниги.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Ааламга кеткен жол айылдан башталат: Багыш айыл аймагы. – Бишкек, 2015. ISBN 978-9967-04-673-3