Асанаалы Абдыраимов

Абдыраимов Асанаалы‎»‎ барагынан багытталды)

Абдыраимов Асанаалы (1906, Нарын облусу, Ак-Талаа району, Аккыя кыштагы 1983, ошол эле жерде) малчы, Социалистик Эмгектин Баатыры (1948). СССРдин айыл чарбасынын отличниги (1951).

Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу. Эмгек жолун батрак, койчу болуп иштөөдөн баштаган. 1930-жылдан Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Карл Маркс атындагы колхоздо койчу, баш чабан, 1946-жылдан жылкычы. Жылкы чарбасын өнүктүрүүдө жана анын кунардуулугун жогорулатууда чоң ийгиликке жетишкен. 1947-ж. 59 бээден 59 кулун алып, чыгашасыз асыраган. Ленин, Эмгек Кызыл Туу ордендери менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967-14-046-1
  • Музалевский М. В. Герои Социалистического Труда. Биобиблиографический словарь. — М.: РИЦ "Кавалер", 2008. — Т. 2. — 200 с.