Абдыраимов Эсенбек Маматович

Абдыраимов Эсенбек Маматович (27. 12. 1953-ж. туулган, Калинин району, Калинин кыштагы) - мамлекеттик кызматкер, зоотехник.

К. И. Скрябин атындагы Кыргыз айыл чарба институтун бүтүргөн (1975).

Кийинчерээк 1984-85-жылдары ошол эле институттан айыл чарба өндүрүшүнүн жетекчилерин даярдоо курсунан өткөн. Эмгек жолун 1975-ж. Фрунзе шаарындагы мамлекеттик, 1976-79-жылдары Нарын облустук ипподромдордо, 1979-85-жылдары Кара-Балта «Агросахсвеклопром» бирикмесинде башкы зоотехник, 198591-жылдары Фрунзе шаарындагы мамлекеттик ипподромдо директор болуп иштейт. 1991-94-жылдары Кыргыз илимий өндүрүштүк бирикмесинде (асылтукум боюнча) башкы директордун орун басары, Жайыл районундагы Сары-Булак колхозунда башкарма болуп эмгектенет.

1994-2000-жылдары Жайыл районундагы айыл чарба башкармалыгынын башчысы, райондук администрация башчысынын орун басары, 2001-05-жылдары Кыргыз Республикасынын айыл, суу чарба жана кайра иштетүү министрлигинде асыл-тукум иштери боюнча бөлүмдүн башчысы, Панфилов райондук мамлекеттик администрадиясынын башчысынын 1-орун басары, 2005-жылдын ноябрынан Жайыл райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын 1-орун басары болуп иштеп келе жатат.

199б-ж. Чүй облусунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн Чүй облустук администрация башчысынын өзгөчө «Төш белгиси», 2003-ж. Айыл жана суу чарба министрлигинин Ардак грамотасы, 2009-ж. Чүй облусунун губернаторунун «Кеменгер» төш белгилери менен сыйланган. Теги суусамырлык, жолуке уруусунан.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Суусамыр: Энциклопедия /Башкы ред. Ү. Асанов. - Б.: Энцик. борбору, 2010. - 312 б., илл. ISBN 978-9967-14-076-9