Абдырахманов Мукай (1946-ж. туулган, Базар-Коргон району, Акман кыштагы) - жеке фермер.

  • Кыргыз Мамлекеттик университетинин тил жана адабият факультетин (199İ) жана Канттагы айыл чарба техникумунун зоотехника бөлүмүн сырттан окуп бүтүргөн (1984).
  • Эмгек жолун малчы болуп баштаган.
  • 1968-73-жылдары Кызыл-Ой мектебинде башталгыч класстардын мугалими, 1973-81-жылдары Кызыл-Ойдогу чарбада ферма башчысы, зоотехник, профсоюз комитетинин төрагасы болуп эмгектенген.
  • 1992-96-жылдары Кызыл-Ой айылында башкаруучу, «Каракол» совхозунда директордун орун басары болгон.
  • Кыргыз ССР Агартуу министрлигинин Ардак грамотасы менен сыйланган. (1973).
  • 1996-жылдан жеке менчик фермер чарбасын жетектеп келет.
  • Негизинен жылкынын асыл тукумдуулугун арттырып, таза жана жарым таза кандуу жылкынын бийик тоолуу шартка климатташтыруу менен алектенет.
  • Чарбасында 600 кой, эчки, 150 жылкы, 80 уй бар.
  • Ал акыркы учурда айылдын социалдык жана маданий турмушунун өнүгүшүнө салым кошуп келүүдө.
  • 2005-ж. Кызыл-Ой кыштагына учурдун талабына жооп берген соода түйүнүн курдуртуп ишке киргизген.
  • Айыл тургундарына материалдык жардам берет.
  • Жаманбай уруусунан.


Колдонулган адабияттар түзөтүү

Суусамыр: Энциклопедия /Башкы ред. Ү. Асанов. - Б.: Энцик. борбору, 2010. - 312 б., илл. ISBN 978-9967-14-076-9