Төлөбек Абдырахманов

Абдырахманов Толобек Абылович‎»‎ барагынан багытталды)

Абдырахманов Төлөбек Абылович, 1962-жылы 1-январьда Нарын областына караштуу Куланак айылында туулган.

Толобек Абдырахманов

Кыскача өмүр таржымакалы түзөтүү

1980-1982-жылдары Совет армиясында кызмат кылган. Жалпы эмгек стажы 42 жыл. Үй-бүлөөлү, 5 баланын атасы. 1982-жылы СССРдин 50 жылдыгы атындагы КМУга өтүп, 1987-жылы ийгиликтүү бүтүргөн жана КРнын УИАнын аспирантурасына кабыл алынган.

1989-жылы КМУнун тарых факультетинин лаборанты, 1992-жылы Азия, Африка өлкөлөрүнүн тарыхы кафедрасында окутуучу болуп эмгектенген. 1996-жылы кандидаттык диссертациясын ийгиликтүү жактап, тарых илимдеринин кандидаты  даражасында Улуттук университеттин тарых факультетинде лобарант, окутуучу декандын орун басары, "Чөлкөм таануу" бөлүмүнүн башчысы, 1998-2001 жылдары “Кыргызтаануу” Окуу-илимий Борборунун директору болуп иштеген.

2001-жылдан баштап И.Арабаев атындагы КМУнун Окуу-инспекциялык башкармалыгынын башчысы, 2005-жылы Академиялык иштер боюнча департаменттин директору, ал эми 2006-жылы Университеттин Гуманитардык билимдер институтунун директору болуп иштеген. Ушул эле жылы ага “тарых” илими боюнча доцент наамы берилген.

2009-жылы И. Арабаев атындагы КМУнун биринчи проректорлук кызматына, 2010-жылы ректорлук кызматка дайындалган.

2015-жылы шайлоодо И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин жамаатынын көпчүлүк добушуна ээ болуп, кайрадан ректорлук кызматка шайланган.

2020 - жылы шайлоодо И. Арабаев атындагы КМУнун жамаатынын көпчүлүк добушу менен кайрадан ректор болуп шайланды.

2011-жылы докторлук диссертациясын ийгиликтүү жактаган. 2013-жылы “Тарых”  адистигинин профессору наамына жана “Билим берүүнүн менеджменти” магистрлик даражасына  ээ болгон. 

2014-жылы “Саясат-таануу” адистигинин профессору наамына татыган.

2021 жылы КР УА мүчө-корреспонденттигине шайланган

Окумуштуу – насаатчылык  ишинде 5 илимдин докторун, 11 илимдин кандидатын жана Казакстандык 2, Кыйтайлык 1 PhD докторлоруна илимий жетекчилик кылган.

Профессор Төлөбек Абдырахмановдун 400 кө жакын эмгектери жарык көргөн. Алардын ичинен 17 монографиялары, документтердин жана материалдардын 10  жыйнактары, 21 окуу китеби жана окуу-методикалык колдонмолору жеке жана авторлоштукта, кыргыз, түрк жана орус тилдеринде Кыргызстан менен чет өлкөлөрдө жарык көргөн.

Коомдук иштери:

КР Илим жана техника жаатындагы Мамлекеттик сыйлыктар боюнча комитетинин мүчөсү;

КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин коллегиясынын мүчөсү;

КР нын Билим берүү жана илим министрлигинин илимий-техникалык кеңешинин мүчөсү;

КРдин Жогорку аттестациялык комиссиясынын Президиумунун мүчөсү;

КРнын Жогорку аттестациялык комиссиясынын мүчөсү;

2013-жылдан 2017 - жылга чейин  кандидаттык жана докторлук диссертацияларды жактоо боюнча Диссертациялык кеңештин төрагасы.

КРнын Кыргызстан элинин ассамблеясынын Кеңешинин мүчөсү;

Эл аралык коомдук Айтматовдук Академиясынын академиги;

ЮНЕСКО  иштери боюнча Кыргыз мамлекетинин Улуттук комиссиясынын мүчөсү.

Педагогикалык кадрларды даярдоо боюнча КМШ өлкөлөрүнүн базалык уюму - МПМУнун Коомдук кеңешинин мүчөсү;

КРнын Өкмөтүнүн Билим берүү уюмдарынын потенциалын натыйжалуу пайдалануу боюнча ведомстволор аралык жумушчу тобунун мүчөсү (21.01.2020).

2022-жылдан Ж.Баласагын атындагы КУУнун ректору. [1]

Уюштуруучулук иштери түзөтүү

Анын демилгеси жана колдоосу менен:

-СССРдин 50-жылдыгы атындагы КУУнун тарых факультетинде "Чөлкөм таануу" бөлүмү ачылган;

-КУУнун "Кыргызтаануу" Окуу-илимий Борбору ишин баштаган;

-И.Арабаев атындагы КМУда: - "Манас таануу" институту

- "Теология" бөлүмү

-"Седжон" корей институту

-"Япон таануу" институту ачылган.

-КР ЖАКтын алдындагы диссертациялык кеңеште "Жалпы тарых" боюнча адистик киргизилген;

Илим жана билим берүү тармагына сиңирген эмгеги үчүн сыйлыктары:

Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген кызматкер наамы; (2021 ж.)

Кыргыз республикасынын Илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреты; (2018 ж.)

Кыргыз республикасынын Жогорку Кеңешинин “Ардак грамотасы”;(2018 ж.)

Кыргыз республикасынын Өкмөтүнүн “Ардак грамотасы”;(2017 ж.)

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадрлар кызматынын "Ардак грамотсы";(2018 ж.)

Кыргыз республикасынын Президентинин алындагы Дин иштери боюнча Комиссиянын "Ардак грамотасы"(2016 ж.);

Бишкек шаарынын мэринин “Ардак грамотасы”;(2010, 2019 ж.ж.)

Кыргыз республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин “Ардак грамотасы”;(2009 ж.)

Кыргыз республикасынын Улуттук коопсуздук кызматынын (ГКНБ)  “Ардак грамотасы”;(2013,2018 ж.ж.)

Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук администрациясынын “Ардак грамотасы”;(2018 ж.)

Кыргыз республикасынын Билим берүүсүнүн отличниги;

Кыргыз Республикасынын дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын медалы; (2018 ж.)

Кыргыз республикасынын Профсоюз уюмунун отличниги;

КРдин профсоюздарынын БКсынын “Эң мыкты иш берүүчү” номинациясы боюнча сыйлыктын ээси; (2013 ж.);

Ислам өлкөлөрүнүн экономикалык кызматташтык уюмунун (ЭКО) илим чөйрөсүндөгү өзгөчө кызматы үчүн берилүүчү эл аралык престиждүү сыйлыгынын лауреаты (Баку, 2012 - ж);

Түрк дүйнөсүнүн илимий чөйрөсүндө жетишкен ийгиликтери үчүн сыйлыгынын лауреаты (Эскишехр, 2013, Түркия);

АКШнын Чикаго шаарындагы (Иллинойс штаты) Дүйнөлүк жетишкендиктерди баалоо Борборунун 2020 жылдагы "Жылдын окумуштуусу" сыйлыгы; (2020 ж)

Аскар Салымбековдун Прогрессивдүү демилгелерди колдоо фондунун “Акыл-Тирек” номинациясынын лауреаты (2016 ж);

Россия Федерациясынын өзгөчө эмгеги үчүн педагогдорго берилүүчү В.А.Сухомлинский атындагы медалы;(2018 ж.)

Мустафа Кемаль (Ататюрк) илим жана маданият Фондунун медалы; (2015 ж)

Россия Федерациясынын Россия элдер Ассамблеясынын медалы (2018);

АКШнын Колумбия универсететинин жана Азия өнүктүрүү Банкынын сертификат-грамотасы (2019)


Жарыяланган эмгектери түзөтүү

  • Абдырахманов, Төлөбек; Абдалиева, Гүлзада. Эркиндик, теңдик, эгемендүүлүк күрөштөрү жана Үркүндөр: Биринчи китеп / Жооптуу ред. Т.К.Чоротегин. – Бишкек: ЖИ “Сарыбаев Т.Т.” басмаканасы, 2016. – 364 б., сүрөт. – ISBN 978-9967-04-759-4. – И.Арабаев атындагы КМУ).
  • Абдырахманов, Толобек Абылович. Высшее профессиональное образование Кыргызской Республики как важнейший фактор в решении социальных задач переходного общества [Текст] : автореферат дисс. на соискание уч. степ. док. историч. наук / Толобек Абылович Абдырахманов; Кырг. Нац. Ун-т им. Ж. Баласагына. - Бишкек : [б. и.], 2010. - 45 с.



Интернеттеги шилтемелер түзөтүү


Ички шилтемелер түзөтүү

  1. архив көчүрмөсү. Текшерилген күнү 12 Апрель 2023. Түп булактан архивделген күнү 12 Апрель 2023.