Абдысаматова Роба Насыровна

Абдысаматова Роба Насыровна (1940-ж.т., Жаңы-Базар айылы) - советтик, партиялык белгилүү ишмер, Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты (1985-1990), Кыргыз Республикасынын айыл чарбасына эмгек сиңирген кызматкер (1995).

Москвадагы М.Ломоносов атындагы мамлекеттик университетти бүткөн (1964).

  • 1958-64-жылдары Чаткал орто мектебинде пионер вожатый, Чаткал совхозунун комсомол комитетинин катчысы.
  • 1964-жылдан Кыргызстан ЛКЖС БКнын инструктору, комсомолдун Ош облустук комитетинин катчысы, Кыргызстан КПнын Жаңы-Жол райондук партия комитетинин 2-катчысы, Эл депутаттарынын Кара-Көл шаардык кеңешинин аткаруу комитетинин терайымы, партиянын Кара-Көл шаардык комитетинин 1-катчысы, партиянын Талас облустук комитетинин катчысы,
  • 1985-88-жылдары Кыргызстан КП Борбордук комитетинин маданият бөлүмүнүн башчысы,
  • 1988-91-жылдары Жалал-Абад шаардык комитетинин 1-катчысы,
  • 1991-92-жылдары Алабука райондук Кеңешинин төрагасынын орун басары жана 199496-жылдары «Маданият» совхозунун директору болуп эмгектенген.
  • Эки «Ардак белгиси» ордени жана медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Чаткал району: Энциклопедия / авт.-түз. А.Орозов и др. - Б.: «Принт Экспресс» б., 2015. - 368 б., илл. ISBN 978-9967-27-851-6