Абель-Ремюза Жан-Пьер (фр. Jean-Pierre Abel-Rémusat) (1978-ж. Парижде туулган, 1832-ж. 4-июнда Парижде көз жумган) - атактуу француз синологу, батыштагы (Европадагы) кытайтаануу (синология) илиминин негиз салуучуларынын бири. Жашында оболу медицинаны окуп үйрөнгөн. Бирок аны Чыгыштын сырдуу жана уламыштарга жык толгон дүйнөсү тынчын койбой кызыктырган. Тэрсан аббатыгына караштуу китепканадан (Abbé Tersan) кытай чөптөрү тууралу маалыматты таап алгандан соң, Чыгышка болгон кызыгуусу күчөйт. Андан соңку 5 жылдын ичинде кытай тилин өз алдынча окуп-үйрөнө баштаган. Сильвестра де Сасинин 1811-ж. берген түз жардамы аркасында Абель-Ремюза өзүнүн эң алгачкы илимий китебин жарыялаган. Ал китеп французча «Essai sur la langue et la littérature chinoises» деп аталган. 1814-ж. «Коллеж де Франста» (Француз Колледжи) кытай тилинин кафедрасы уюштурулуп, анын жетекчилигине Абель-Ремюза дайындалган эле. Ушул бурулуш мезгилден тарта Абель-Ремюза өз өмүрүн, билимин чыгыштаануу илимине арнап, өзгөчө кытай булактарындагы эскерилген түрктөрдүн жана монголдордордун тарыхына кызыга баштайт. 1815 -ж. «Académie des inscriptions et belles-lettres” (Илим академиясы) чыныгы мүчө болуп кабыл алынат. 1818-ж. тартып “Journal de savants” деп аталган журналды басып чыгарганга жетишет. 1822-ж. анын жеке демилгеси менен Париждеги Азия институту (Société asiatique) ачылган жана бул мекеменин биринчи окумуштуу-катчысы болуп калган. 1824-ж. Королдук китепканадагы Чыгыш кол жазмалары бөлүмүндөгү жазма эстеликтердин сактоочусу (орусча - хранитель рукописей) болуп дайындалат. 1832-ж. Bibliothèque nationale de France - Франциянын Улуттук китепканансынын директору) болуп дайындалат, тилекке каршы ал бул орунда узак иштей алган эмес. 1826-ж. Абель-Ремюза Европаны алгачкы ирет кытай көркөм адабиятынын үлгүсү менен тааныштырганга үлгүрөт. XVII к. жазылган «Iu-kiao-li, ou les deux cousines, roman chinois» аттуу көркөм адабиятты которуп, окурмандардын назарына сунуш эткен. Бул котормо менен өз учурунун атактуу адабиятчылары Гёте, Стендаль, Карлейль, Эдгар По ж.б. тааныш болушканы маалым. Абель-Ремюза өзгөчө Японияга абдан кызыккан. Тилекке каршы, анын бул максаты ишке ашкан эмес. 1830-ж. Жанне Лекамью (Jenny Lecamus) аттуу аскер офицери, чини майор Жан Лекамьюнын кызына үйлөнөт. 1832-ж. күч-кубатына, чыгармачылыктын туу чокусуна чыгып турган мезгилде холера эпидемиясынан каза табат. Андан соңку кафедра жетекчилигине Станислас Жюльен деген окуучусу болуп калган.

Эмгектери түзөтүү

  • Note sur quelques épithétes descriptives du Bouddha. Journ. des Sav., 1819, p. 625.
  • Sur la succession des 33 premiers patriarches de la religion de Bouddha. Journ. des Sav., 1821, p. 4.
  • Abel-Rémusat et Humboldt, Lettres édifiantes et curieuses sur la langue chinoise, 1821—1831
  • Les élémens de la grammaire chinoise, 1822
  • Aperçu d’un Mémoire sur l’origine de la Hiérarchie Lamaique. Journ. As., Vol. IV., 1824, p. 257.
  • Mélanges Asiatiques, ou Choix de morceaux de critique, et de mémoires relatifs aux religions, aux. sciences, à l’histoire, et à la géographie des nations orientales. Vols. I. and II., Paris, 1825.
  • Iu-Kiao-Li (Les Deux Cousines), Paris, 1826.
  • Nouveaux Mélanges Asiatiques, on Recueil de morceaux, &c., Vol. I. and II. 1829.
  • Observations sur trois Mémoires de De Guignes insérés dans le tome XI. de la Collection de l’Académie des Inscriptions et Belles-Lettres, et relatifs à la religion samanéenne. Nouv. Journ. As., 2e série, Vol. VII. (1831), pp. 265, 269, 301.
  • Observations sur Histoire des Mongols orientaux, de Ssanang-Ssetsen. Paris, 1832.
  • Foé Koué Ki; ou, Relations des royaumes bouddhiques: voyage dans la Tartarie, dans l’Afghanistan et dans l’Inde, exécuté, à la fin du IVe siècle, par Chy Fa Hian. Traduit du Chinois et Commenté par M. Abel Rémusat. Ouvrage Posthume. Revu, Complété, et Augmenté d'Éclaircissements Nouveaux Par MM. Klaproth et Landresse. Paris, l’Imprimerie Royale, 1836. The original Chinese title is 佛國記.
  • Mémoires sur un voyage dans l’Asie Centrale, dans le pays des Afghans, et des Beloutches, et dans l’Inde, exécuté à la fin du IVe Síècele de notre ère par plusieurs Samanéens de Chine. Mém. de l’Inst. royal de France, Acad. d. inscr. 1838, p. 343.
  • Mélanges posthumes d’histoire et de littérature orientales. Paris, 1843.
  • Rémusat, A., éditeur. Mémoires et Anecdotes sur la Dynastie régnante des Djogouns, Souverains du Japon, avec la description des fêtes et cérémonies observées aux différentes époques de l’année à la Cour de ces Princes, et un appendice contenant des détails sur la poésie des Japonais, leur manière de diviser l’année, etc.; Ouvrage orné de Planches gravées et coloriées, tiré des Originaux Japonais par M. Isaac Titsingh; publié avec des Notes et Eclaircissemens Par M. Abel Rémusat. Paris (Nepveu), 1820.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • [Каратаев, Олжобай Кубатбекович|О. Каратаев]] Орто Азия чөлкөмүн жана түрк дүйнөсүн изилдеген окумуштуулар. –Бишкек, 2015