Абел сыйлыгы (норв. Abelprisen) - жыл сайын Норвегиянын өкмөтү тарабынан эң мыкты математиктерге берилүүчү сыйлык.

Сыйлык Нилс Генрик Абел (1802 - 1829) аттуу норвегиялык математиктин атынан аталган жана Нобель сыйлыгына окшоштугу бар. Бул наам 2001-жылы Норвегиянын өкмөтү тарабынан негизделген жана гуманитардык багытта да берилүүчү Холберг аттуу сыйлыгы бар. Бул сыйлык 6 миллион норвегиялык крондон турат (орточо эсеп менен 650.000 евро)

Сыйлыкты тапшырууу аземи Осло Университетинин Укук бөлүмүндө өтөт жана ал жерде 1947-1989 - жылдардын аралыгында Нобель Тынчтык сыйлыгы тапшырылган. Сыйлык тапшыруу уюму Норвегиялык Математиктер Коому тарабынан башкарылган Абел симпозиумун да түзүшкөн.

Тарыхы түзөтүү

Тандоо критерийлери түзөтүү

Ар жылы март айында эң алдыңкы беш математиктен турган Абел комитетине келип түшкөн сунуштоолордон кийин, Норвегиялык Табигый-так жана Гуманитардык Илимдер Академиясы Абел сыйлыгынын жеңүүчүлөрүн жарыялайт. Комитеттин учурдагы жетекчиси - Жон Рогнес. Ал эми Эл аралык Математиктер Уюуму менен Европа Математиктер Коомчулугу Абел комитетинин мүчөлөрүнүн талапкерлигин көрсөтүшөт. 2001-жылы Норвегиялык өкмөт алгачкы сыйлык үчүн 200 миллион Норвегия кронун (орточо эсеп менен 21.7 миллион евро) каражат катары бөлгөн. Фонд, Норвегиялык Табигый-так жана Гуманитардык Илимдер Академиясы тарабынан шайланган кызматкерлер тарабынан көзөмөлдөнөт.

Каалоочулардын баары талапкерлигин көрсөтсө болот. Бирок өзүн-өзү көрсөтүү жараксыз. Талапкердин тирүү болушу шарт. Бирок эгерде талапкер жеңгенден кийин казап тапса, сыйлык жеңүүчү каза болгондон кийин берилет. Абел лауреаты, Абел комитетинин сунушунун негизинде Норвегиялык Табигый-так жана Гуманитардык Илимдер Академиясы тарабынан тандалат. Комитетте норвегиялык же чет өлкөлүктөр да кызмат кыла алышат. Алар Норвегиялык Табигый-так жана Гуманитардык Илимдер Академиясы тарабынан шайланышат жана Эл аралык Математиктер Уюму жана Европа Математиктер Коомчулугу тарабынан талапкерлиги көрсөтүлөт.

Шилтемелер түзөтүү