Абикеев Сартбай Абикеевич

Абикеев Сартбай Абикеевич (1916-ж. Нарын облусу, Ат-Башы району , Ат-Башы айылы, Кыргызстан ) – Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагери, Ленинграддык курчоосундагы Невский Пятачок плацдармасынын коргоочусу.Ленинград ʏчʏн курɵшʏʏнʏн катышуучусу ( 1941 жыл). Эн биринчилерден болуп, гвардиялык взводу менен, Запорожье шаарын бошоткон(1943 ж.). Ясско-кишиневский стратегиялык операциясынын катушуучусу (1944 ж). СССРдин 3-чу Украиналык фронттун 37-чи армиясында взводтун командири болгон. I-даражадагы "Ата Мекендик Согуш" ордени,II- даражадагы "Ата-Мекендик Согуш" ордени, эки "Кызыл Жылдыз" ордени, "Ардак Белгиси" ордени, “Аскердикке сиңирген эмгек үчүн” медалы, "Улуу Ата-Мекендик согушта Германияны уткандыгы ʏчʏн" медалы ж-а башка 26 СССРдин ж-а Болгариянын медалдары м-н сыйланган.Абикеев Сартбай Абикеевичтин ысымы, Ат-Башы районун, Ат-Башы айылынын эн узун кɵчɵсʏнɵ ыйгарылган.

СССРдин 3-чү Украиналык фронтунун 37 армиясында взводтун командири Абикеев Сартбай. 1943 жыл.

Өмүр баяны түзөтүү

Абикеев Сартбай Абикеевич 1916-жылы Нарын облусунун, Ат-Башы районунун, Ат-Башы айылында жарык дуйного келген. Улуту кыргыз, уруусу моңголдор.Моголстан падышасы Султан - Махмуд II( Кылыч-Хандын) тукуму. Советтер Союзунун Коммунистик Партиясынын мʏчɵсʏ. Билими - жогорку. Токмок шаарындагы, мектеп интернатында Алыкул Осмонов жана Насирдин Байтемировдор менен чогуу билим алган. Улуу Ата-мекендик согушка чейин, Фрунзе шаарындагы Айыл чарба техникумун жана Кыргыз педагогикалык институтун бутуруп алып. Ат-Башы райондук Комсомол Комитетинин биринчи секретары болуп иштеген (1938 — 1940 ж.ж). 1940 жылы советтик армиянын катарына, ɵз ыктыяры менен, комсомолодорду баштап биринчи жɵнɵйт. Карело-Фин ССРинде аскердик кызматын ɵтɵйт. 1941 жылы Улуу Ата-Мекендик согуш башталып, Ленинград шаары Фашистттик Германия тарабынан курчоого алынганда, Невский Пятачок плацдармын коргоого катышат. 1943 жылы Абикеев Сартбайдын гвардиялык взводу эн биринчилерден болуп Запорожье шаарын бошотконго кирет. Ал жɵнʏндɵ СССРдин "Боевой Товарищ" газетасында (16 октябрь 1943 жыл № 252) жарык коргон. Андан кийин Украинадагы Ингулец, Ингул, Южный Буг и Днестр дарияларынын жээктерин фашисттик германиянын баскынчыларынан бошотууга катышкан. 1944 жылы Ясско-Кишинев операцияларын ишке ашырууда зор салымын кошкон. Ясско-Кишиневдук операция "сталиндик он кʏчтʏʏ" соккунун катарына кирген. 1944 жылдын сентябрь айынан баштап Болгарияны бошотууга катышкан. Казанлык, Ямбол, Бургас шаарларын бошотушуп улуу женишти Болгариянын Бургас шаарынан тоскон. Согуштан кийин 1946 жылы Ат-Башы райондук Аткаруу Комитетинин орун басары болуп кызмат ɵтɵйт. 1946-1948 жылдары ЦК КПССтин Жогорку Партиялык мектебинен билим алат. 1948-1954 жылдары Ат-Башы райондук Комитетинин биринчи катчысы, Ат-Башы райондук аткаруу комитетинин председатели болуп элине кызмат ɵтɵйт. 1958-1964 жылдары Райондук Маданият бɵлʏмʏнʏн директору, Колхоз Аралык Курулуш уюмунун башчысы болуп эмгектенген. Ардактуу эс алууга чыгаар алдында Колхоз Аралык Курулуш уюмунун кадрлар бɵлʏмʏнʏн башчысы болуп иштеген. 1998 жылы 20 октябрында 82 жаш курагында дуйнɵдɵн кайткан.

 
Ат-Башы айылындагы, Абыкеев Сартбай атындагы көчө.

Маалымат булактары түзөтүү

Шилтеме түзөтүү