Абиссаль (фр. abyssal, лат. abyssus түпсүз), абиссаль зонасы океан-деңиз түбүнүн эң терең (2 кмден төмөн) зонасы. Аянты 305 млн км2 (Дүйнөлүк океандын 85%, Жер шарынын 60% аянтын ээлейт). Океан таманынын 6000 мден терең жерлери ультра абиссаль зоналары катары бөлүнөт. Таманынын басымдуу бөлүгүн жайпак же дөбөлүү абиссаль түздүктөрү, ошондой эле океан ортолук кырка тоолор, платолор, жанар тоо курулуштары түзөт. Абиссаль зонасында суу тынчыраак абалда, суусунун температурасы 0,7-2°С болуп, туздуулугу (34,8± 0,2%) жана тыгыздыгы дайыма туруктуу. Күн нуру жетпейт, басымы тереңдикке жараша (2—11)107 Па, кычкылтектин орточо өлчөмү 1лде 4-6 см2 болот. Деңиздин мындай түпкүрүн органогендүү же минералдуу заттардан пайда болгон тунма ылай каптап жатат. Фотосинтездөөчү организмдер абиссаль зонасында болбойт; микроорганизмдерден гетеротрофтуу жана хемосинтездөөчү бактериялар жана козукарындар учурайт. Жогорку басымга жана азык ресурстарынын аздыгына байланыштуу фаунага жарды. Жаныбарлар 2500-3000 м тереңдикте гидротерм суулары чыккан жерлерде («тиричилик оазиси») арбын жашайт. Тереңдикте ысык булактарга жакын ысыкка чыдамдуу организмдер жашап, алар 113 С температурада көбөйө алат. Деңиз өсүмдүктөр дүйнөсүнө бактериялардын айрым түрлөрү, сапрофит балырлары, сабактуу лилия, голотурия, моллюска жана башкалар кирет. Жаныбарлары сокур же көздөрү өтө чоң болот. Алардын көбү өздөрүнөн нур чыгарып, жаркырап жүрүшөт.

Абиссаль.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14—046—1