Абиссаль чөкмөлөрү деңиз менен океандын 3 кмден төмөнкү тереңдигинде топтолуучу суу астындагы чөкмөлөр. Алар Дүйнөлүк океандын түбүнүн 85%ке жакын аянтын ээлеп жатат. Абиссаль чөкмөлөрү планктон организмдеринин скелет калдыктарынан, шамал учуруп жана деңиз агымдары менен келген минералдык майда заттардан, суу алдындагы тоо тектердин талкаланышынан пайда болгон бүртүкчөлөрдөн, тереңдиктеги хим. чөгүндүлөрдөн жана жанар тоо бүркүндүлөрү менен космос чаңдарынан турат. Чөгүү процесси өтө жай жүргөндүктөн, 100 жылда орто эсеп менен 0,5-2 мм гана калыңдыктагы чөкмө пайда болот. Курамы 20-98% органикалык калдыктардан турган акиташтуу жана кремнийлүү тунма ылайлардан түзүлсө органогендик, ал эми скелеттер өтө аз кездешип, негизинен кызыл чоподон турса полигендик деп аталат. Кызыл чоподо темир марганец конкрециялары кездешет.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14—046—1