Аболин Роберт Иванович (18. 5.1886, Рига 17. 12. 1942, Чыгыш Сибирь) орус энциклопедиячысы, топурактаануу жана физика географиялык боюнча ири адис. Биология жана айыл чарба илимдеринин доктору (1934), профессор (1930). Петербург токой чарба институтун бүтүргөн (1913). Илимий ишин 1908-ж. баштаган. 1915-жылдан Түштүк Казакстандын чөлдөрүн, Кыргызстандын бийик тоолуу жайыттарын, Орто Азиянын геоботаникасын, топурагын, айыл чарбасын, агроклиматын жана физика географиясын изилдеген. 1930-37-ж. СССРдеги чөлдөрдү изилдөөнү башкарган. Орто Азияда, Казакстанда, Дагстанда жана башка жерлерде эксперименттик жана комплекстүү стационардык изилдөөлөрдү уюштурган. Орто Азия менен Казакстанды табигый жактан райондоштуруп, алардын табигый-чарбалык аймактарын ажыраткан. Эмгектери: Основы естественно-исторического районирования Советской Средней Азии. Таш., 1929; От пустынных степей Прибалхашья до снежных вершин Хантенгри. Л., 1930.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967-14-046-1