Абразивдүү аспаптар - (лат. abrasivas кырып-жонуучу) катуу материалдарды жана пластмассаны иштетүүдө колдонулуучу абразивдүү материалдардан (өзгөчө бышык, катуу заттардан) жасалган жабдыктар. Абразивдүү аспаптар катуу (жылмалоочу тегерек, бөрк, сегмент, кайрак) жана ийилчээк (жануур, тасма жана башка) болуп бөлүнөт. Абразивдүү аспаптар негизинен электркорунд, кремний карбиди, жасалма жана табигый алмаздан жасалып, алардын кесүүчү абразивдүү бүртүкчөлөрүн бириктирүүдө чопо, бакелит, силикат, магнезий пайдаланылат. Абразивдүү аспаптардын 12 миңге жакын түрү чыгарылат. Аларга кошулган алмаздын өлчөмү (1 мм3 көлөмдөгү алмаз) анын негизги көрсөткүчү. Алмаз 100% кошулганда, 1 мм3 катмарда 0,878 мг алмаз болот. Мисалы, жылмалоочу тегерек жасалчу курамга 25 200%ке чейин алмаз кошулат. Абразивдүү материалдар, абразивдер металлдын бетин, минералдарды, тоотектерди, айнекти жана башка материалдарды механикалык иштетүү үчүн (кесүү, курчутуу, жылмалоо жана башка) колдонулуучу өтө катуу заттар. Алар табигый (алмаз, корунд, чарыкташ, пемза, гранит жана башка) жана жасалма (электркорунд, карборунд, бор карбиди, жасалма алмаз) болуп бөлүнөт. Жасалма Абразивдүү аспаптардан жасалган аспаптардын мизи жука болуп, катмарлап кырып-жонууга мүмкүндүк берет. Алардын өтө катуулугу кыруу-жонуу иштерин ылдамдатып, эмгек өндүрүмдүүлүгүн жогорулатат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1