Абрамов Алексей Фёдорович

Абрамов Алексей Фёдорович (1925-ж. т., Башкыр АССРи (Башкортостан), Даниловка кыштагы) Даңк орденинин толук кавалери. 1936жылдан Кыргызстандын Көк-Жаңгак шаарында жашаган. 1943-ж. Советтик Армияга чакырылып, Улуу Ата Мекендик согушта Смоленск, Ржев, Витебск шаары, Нарев плацдармы үчүн болгон уруштарга,Данциг менен Кёнигсбергди алууга катышкан. Согуш майданында көрсөткөн эрдиги үчүн Абрамов 3 жана 2-даражадагы Даңк орденин алууга татыктуу болгон. Эльбага жакын аймакта салгылашуудагы Абрамовдун эр жүрөктүүлүгү жогору бааланып, ал 1-даражадагы Даңк орденине татыктуу болгон. Согуштан кийин Көк-Жаңгак шаарына кайтып келип, шахтёрлук кесибин кайра уланткан. Медалдар менен да сыйланган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1