Абсолюттук бийиктик, абсолюттук белги (геодезияда) океандын орточо деңгээлинен жер бетиндеги кандайдыр бир чекитке чейин тик сызык боюнча ченелген аралык; бул нивелирлөө менен аныкталат. КМШ өлкөлөрүндө абсолюттук бийиктик Кронштадттагы (Балтика деңизи) футштоктун (бөлүкчөлөнгөн рейка) нөл цифрасынан баштап эсептелет.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1