Абсолюттук доза белгиленген мөөнөттө аймактагы жандуу организмдерди 100% өлүмгө дуушар кылган уулуу заттын ченеми. Ал 100 (өлтүрө турган доза) аркылуу белгиленет. Абсолюттук доза талаа зыянкечтерин жана зыяндуу өсүмдүктөрдү жок кылууда (пестицид, гербицид жана башка), ошондой эле бактериялык куралдарда колдонулат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1