Абсолюттук минимум метеорологиялык элементтердин (абанын температурасы, атмосфералык басымы жана башка) белгилүү бир чөйрөдө, аймакта, өлкөдө же жалпы эле Жер шарында көп жылдык байкоо жүргүзүүнүн негизинде аныкталган эң төмөнкү өлчөмү; эң суук жер. Дүйнө жүзүндөгү эң суук жер Антарктидада, анда (Чыгыш станциясында) температуранын абсолюттук минимум -89,2 С катталган, Түндүк жарым шарда ал -68 С (Якутиядагы Оймякондо), Кыргызстанда -54 Сге чейин (Ак-Сайда) төмөндөгөн.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1