Абсолюттук нөл температурасы

Абсолюттук нөл температурасы – термодинамикалык температураны эсептөөнүн башталышы; суунун үчилтик чекитинин температурасынан (0,010С) 273,16 К ге төмөн жайгашкан (Цельсий шкаласы боюнча 273,15К төмөн (к. Температура шкалалары).

Термодинамиканын 3-башталышынын (Нернстин теоремасынын) негизинде, системанын температурасы Абсолюттук нөл температурага жакындаса, анда системанын энтропиясы, жылуулук сыйымдуулугу, жылуулуктан кеңейүү коэффициенти нөлгө умтулат. Абсолюттук нөл температура кезинде системанын температурасын аныктаган атом, молекулалардын башаламан кыймылы толук токтоп, алардын кыймылынын энергиясы нөлгө барабар болот. Ал эми квант механикасына ылайык Абсолюттук нөл температура кезинде молекулалар, атомдор толук тынч абалда болбостон кристаллдык торчонун түйүндөрүндө «нөлдүк» термелүү жасап, эң кичине энергияга ээ болот.

Колдонулган адабияттар түзөтүү