Абсурд театры - Батыш Европанын театрындагы, драматургиядагы агым. Францияда 1950-ж. башында пайда болгон. Абсурд театрына күтүүсүз, маанисиз сюжеттер, каармандардын эпсиз кылык-жоругу, кызыксыз жашоону, максаттардын ишке ашпоосун сезүү мүнөздүү. Абсурд театрынын көрүнүктүү өкүлдөрү Эжен Ионеско, Сэмюэль Беккет.

Сэмюэль Беккет: Годотту күтүүдө (1978).

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14—046—1