Абу-Симбел — Нилдин батыш жээгиндеги байыркы эстеликтер топтолгон чөлкөм (Египет). Биздин заманга чейин 13-кылымдын 1-жарымында аскадан оюлган Байыркы Египеттин 2 храмы, статуялар, рельефтер сакталган. Асуандан 320 км алыстыкта Нубия чөлүндө Египеттин атактуу фараону АбуСимбелге арналган өзгөчө жана укмуштуудай сонун, зор курулуш орун алган. Идея боюнча бул храм үч кудай: Амон-Ра, Хармакис жана Птахага арналып, бирок иш жүзүндө Египеттин падышасы Улуу Рамсес 11нин даңкын чыгарып, атын түбөлүккө калтыруу үчүн курулган. Нубия чөлүндөгү туурасы 65 м, бийиктиги 38 м Абу-Симбел храмы асканын бетине оюп жасалган. Ошол кездеги скульпторлордун башчысы Пиаэйдин (аты храмдын интерьеринде жазылган) жетекчилиги менен көптөгөн аскер туткундары иштешкен. Фараондун тактысында төрт статуя отургузулган (бийиктиги 20 м, бир кулагынан экинчи кулагына чейинки аралык 4 м, оозунун узундугу 1 м). Статуя Рамсестин күчүнүн символу жана 31 м бийиктиктеги фасадды кармап турган колонна катары колдонулган. Статуялардын ортосундагы эшик аркылуу сыйынуучу жайга кирет. Ал жерде Рамсестин өзүнүн статуясы бар. Бул сыйынуучу жайда «күндүн кереметин» көрүүгө болот. Бир жылда эки жолу 21-мартта жана 21-сентябрда, саат 5тен 58 минута өткөндө күндүн нуру бир сызык боюнча өтүп, Амон-Ра менен Рамсес 11нин сол ийнине тиет. Бир нече минутадан кийин нур Хармакиске тийип, 20 минутадан кийин жарык жок болот. Эң кызыктуусу, караңгылыктын кудайы болгон Птахага эч качан жарык түшпөйт. Падыша Рамсес 11нин Сирияга жортуулу жөнүндө ошол кездеги сарай акыны Пентаурдун узун поэмаларынын тексти храмдын дубалдарында жазылган.

Абу-Симбел.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14—046—1