Абу Бакр Мухаммед ан-Наршахи

Абу Бакр Мухаммед ан-Наршахи, Абу Бакр Мухаммед ибн Жафаран Наршахи (899-959) - орто азиялык тарыхчы. Бухаранын түндүгүндөгү Наршах кыштагында туулган. 943-44-ж. араб тилинде Саманиддер эмири Нух ибн Насрга (943-954) арнап, «Бухара тарыхы» («Тарих-и Бухара») эмгегин жазган. Анын бул эмгеги 7-12-кылымдагы Бухаранын жана Заравшан дарыясынын төмөнкү агымындагы оазистин тарыхы жана топографиясы боюнча баалуу булак. Анда Орто Азиянын тарыхы, арабдар келгенге чейинки (7-12-к.) Бухара аймагы жөнүндө маалыматтар бар, ошондой эле Орто Азияны арабдардын каратуусу, Абруйдун жана Муканнанын көтөрүлүштөрү, исламдын буддизм менен христиан динин сүрүп чыгаруусу жөнүндө да айтылган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1