Абыке уулу Назараалы (1906, Кызылөзгөрүш айылы - 1982, ошол эле жер) - айыл чарба өндүрүшүнүн ишмери.

1924-ж. Кызылөзгөрүш айылдык Кеңешинин катчысы, төрагасы, 1934-40-ж. « Кызылөзгөрүш » колхозунун башкармасы. Ата Мекендик согуштан атайын бронь менен калтырылып, 1941-53-ж. Саргата колхозунда башкарма болуп иштеген. 195366-ж. Үчтерек мал даярдоо кеңсесинин директору. Кыргыз ССР Жогорку Советинин Ардак Грамотасы, медалдар менен сыйланган. 2000-жылы Кызылөзгөрүш айылынын көчөсүнө аты берилген.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Токтогул району: Энциклопедия/ Башкы ред. Ү. Асанов; Ред. колл.: О. Ибраимов (төрага) ж. б. - Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2005. 292 б., ил.ISBN 9967-14-030-5