Кыргыз-Казак согуштары

уикипедиядагы тизме-макала.
Абылай хандын кыргыздарга жортуулдары‎»‎ барагынан багытталды)

Кыргыз-Казак согуштары1700 жылдан баштап 1847 жылга чейин согуштардын тизмеси.

Тизмеси түзөтүү

Абылай согуштары (1759—1780) түзөтүү

Абылай доору
Согуш Биринчи жак Экинчи жак Жыйынтыгы
Казак чапкыны (1759) Тагай конфедерациясы Казак хандыгы Утулуу
  • Түркстанда көчмөндөп турган Каработо бийге казактар кол салышат.
Казак-Кыргыз согуш кампаниясы[1] Талас согушу (1771) Казак-Кыргыз согуш кампаниясы[2] Тагай конфедерациясы Казак хандыгы Утуу
  • Кыргыздар казактарды утуп, Балкаш көлүнө чейин куушат. 17 миң казак аскери каза болот.
Кыргыз-Казак согушу (1774-1779) Утулуу
  • Кара Балта жакта согуш өткөн.
Жайыл кыргыны Тынчтык келишими түзүлгөн
  • Казак хандыгынын аскерлери Кыргыз жергесине үч жактан кол салышат.
Негизги макала: Казак чапкыны (1759)

1759 согушуТүркстандын чет жакасында көчүп жүргөн Каработо бийге кол салып, мал-жаны менен барымтага алган.

Негизги макала: Талас согушу (1771)

1771 согушуАбылай Орто жүздүн ханы болуп шайлангандан кийин кыргыздарды өзүнө баш ийдирип алууга аракет кылган. Абылайга таянган казак уруулары чегаралаш аймактардагы кыргыз конуштарына көчүп келип жайыттарды ээлей баштаган. Чанычкулудан Бердикожо; чапыраштыдан Кооман, Жабек, Качыке жана Дөөлөт; ботбайдан Түлөкабыл, Жайсаң; кашкородон Малдыбай, Конушбай сыяктуу баатырлар баштап келип, кыргыздын жерлерине ээлик кылышкан. Ушундай кырдаалга байланыштуу Таластын оозундагы Капкада оң канаттан Эсенгул баатырдын, сол канаттан Туума бийдин жетекчилигинде бийлердин кеңеши өткөрүлгөн. Кеңештин жыйынтыгы боюнча кыргыз конуштарын казактардан коргоп калуу максатында Кетмен-Төбөдөгү каба саяктарды Таласка, Кочкордогу чекир саяктарды Чүйгө көчүрүп келүү керек деген бүтүмгө келишкен. Өз ара кагылышуулардын айынан кыргыздардын колунан казак баатырлары Качыке, Кооман, Жабек жана көкжарлы Барак каза болот. Натыйжада кыргыздардан жеңилген казактар Сараркадагы Абылай ханга даттанып барышкан.

Негизги макала: Кыргыз-Казак согушу (1774)

1774–1779 согушу — Кытай даректеринин ырастаганы боюнча Абылай хан 1774-ж. кыргыздардын аймагына кол салган. Ошол учурдагы Кара-Балтадагы салгылашууда Атаке баатыр жеңилип, Таласка чегинген. Буга жооп кылып, Садыр жана Жайыл баатырлар Чолок-Коргон, Созок аймактарындагы казактарга жортуул жасап, жылкы тийип турушкан. Улуу жүздүн бийлери Жоогачты өкүл кылып, Абылай ханга жиберишкен.

Негизги макала: Жайыл кыргыны

1779-1780 согушуАбылай хан чоң күч менен кыргыздарга каршы аттанып, колунун бир бөлүгүн Олуя Атага, экинчисин ТаласТаластын Капкасындагы Садыр баатырга жана үчүнчүсүн Чүйгө жөнөткөн.

Түйүшкент салгылашуусу түзөтүү

Чүйдүн аягы Түйүшкенттеги салгылашууда солтонун талкан уругу катуу жеңилип, Жайыл үч уулу менен туткунга түшкөн. Капыстан тийген жоого Садыр дагы туруштук бере албай туткунга алынган. Ушул согушта солто уруусуна жардамга келаткан саруунун айрым бөлүктөрү жаңылыш Абылайдын колуна туш болгон. «Эрдигинен солто өлдү, энөөлүгүнөн куубилек, колпоч өлдү» деген сөз ошондон калган. Жоо капысынан кол салгандыктан, башка уруулар өз учурунда жардамга келалбай калган. Акырында кыргыздар Абылай ханга жеңилген. Кыргыздын башчысы чоң бий Эсенгул баатыр 21 жаштагы Түлөберди Жамансарт уулун элчиликке жиберген. Түлөберди Абылай хандын кабыл алуусунда болуп, тирүү калган туткундарды бошотуп алган. Абылай хан жер маселеси боюнча кыргыздарга катуу талап койгон. Түлөберди келгенден кийин Эсенгул баатыр кыргыздын аттуу-баштуулары менен кеңешип жер боюнча Абылай менен макулдашуу керектиги айтылган. 1780-ж. сол канаттан Туума бий жана Мама бийдин, солтодон Кебек бий менен Түлөбердинин, сарыбагыштан Эсенгул баатыр менен Атаке баатырдын, бугудан Бирназар бийдин, чекир саяктан Жамболот баатыр менен Качыке баатырдын, саяктан Сейит бий менен Келдибектин катышуусунда Абылай хандын алдында кыргыз-казак жер чеги ажыратылган.

Кыргыздын жер чеги батыш жагы Күйүктүн бели, үчбуурул, Түймөкент, Абылкайыр, Курагаттынын Чүйгө куйган жери Түйүшкөн, Чүйдүн суусун кечип өтүп, Чокмордун кайкысын басып, Иленин суусун жээктеп келип, Үчалматыдан токтогон. Башы Үчалматы, түндүгү Иле бою, аягы Чокмордун бели, Курагаттынын Чүйгө куйган жери, батыш жагы кичи Буурул чоң Буурул, Күйүктүн бели, Терс суусу андан ары Чаткал суусунун аягы Кой-Ташка чейинки жерлер Абылай хандын алдында кыргыз-казак жер чеги катары аныкталган. Тынчтык мамилени сактап туруу үчүн кыргыздар Түлөбердини казактарга акуйлуугө көчүрүшкөн. Бердикожо баатырдын 1785-ж. баштаган согушуна чейин эки тараптын мамилеси тынч болгон.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1
  1. кампания, компания эмес
  2. кампания, компания эмес