Аванс (фр. avance) — материалдык баалуулук, аткарылган иш жана көрсөтүлгөн кызмат үчүн алдыда боло турган төлөм эсебинен берилүүчү акча суммасы. Аванс кредиттин өзгөчө түрү болуу менен жеткирүүчүнүн, иш аткаруучунун жана кызмат көрсөтүүчүнүн жугуртуу каражатынын көлөмүн көбөйтөт. Тышкы соода операцияларында аванс контракттын жалпы суммасынын 10-15%ин түзөт. Контракт аткарылбаса, аванс сөзсүз кайтарылып берилет.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1