Аварлыктар (өздөрүн маарулал дешет) Дагстандын жергиликтүү калкы. Ошондой эле Россиянын башка региондорунда Азербайжан, Грузия, Казакстанда да жашашат. Жалпы саны 814,5 миң киши, анын 758,4 миңи Дагстанда (2002). Авар тилинде сүйлөшөт. Дини мусулман-суннит. Аварлыктардын азыркы аймагында биздин замнга чейин 1-миң жылдыктын экинчи жарымында жашаган лег, гел, каспи, ути жана башка уруулар авар элинин этностук негизин түзгөн. 20-кылымдын башында батыш Дагстандагы тили, маданияты, үрп-адаты тектеш андоцез жана арчын элдери кошулган. 1959-жылдагы эл каттоодо өздөрүн аварлыктар деп аташкан. Алар негизинен мал чарбачылык, дыйканчылык, багбанчылык менен кесиптенишип, тоонун түбүнө таш менен тирештире салынган кабаттуу үйлөрдө жашашкан. Көбүнчө бир үйдүн чатырын экинчиси короо катары пайдаланган, ар бир кабатында өзүнчө эшиктери бар, мунаралуу үй-сепилдер болгон. Эркектер туника сыяктуу көйнөк, бешмант, черкеска, папах, башлых, тон, бурка, кайыш кур, кийиз же булгаарыдан бут кийим; аялдар жеңдүү узун көйнөк, ыштан, башына чокто (аялдардын кеп такыяга окшогон баш кийими), саймаланган, күмүш менен кооздолгон кийимдерди кийишкен. Негизинен сүт, эт азыктарын жана камырдан жасалган тамак, ошондой эле түрдүү татымалдарды пайдаланышат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1