Ават, уруу

Ават‎»‎ барагынан багытталды)

Аватичкиликтер уруулук тобундагы ири уруулардын бири. Айрым санжыралык маалыматтарда "авагат" формасында да айтылып жүрөт. Этнонимдин параллелдери "аба" формаларында алтайлыктардын (телеуттар) жана шорлордун курамдарында бар экендиги маалым.[1] Ават - аба+т; -т мүчөсү бурят-монгол тилдеринде көптүк маанини туюнтат. Байыркы сөз жасоочу мүчөнүн колдонулган, таралган ареалы абдан кенен. Мисалы, тунгус тилдеринде бул мүчөнүн фонетикалык -тан /-тен , манжур тилинде -га/-те, байыркы корей тилинде -тен формаларынын болгондугу белгилүү.[2] Д.Е. Еремеев бир катар далилдүү маалыматтарга таянып, -т мүчөсү уланган түрк этнонимдери монгол тилдеринин таасири астында XIII кылымдан кийин гана калыптанган деген пикирин айтат.[3] Бул уруунун тегин байыркы “аба” уруусу менен параллели катары караса болчудай. “ Аба” - теле урууларынын бири катары Суй династиясынын жыл баяндарында батыш түрктөрдүн мамлекетинин курамындагы уруу болгондугу эскерилет.[1] Аба же абиндер XVI-XVIII кк. бүгүнкү алтай-телеуттарга кошуна жашашып, негизинен мал чарбачылыгы менен кесиптенишерин И. Гмелин жана И.Георги изилдөөлөрүндө белгплешкен. Л.П. Потапов да бул уруунун чыгыш тегин байыркы “аба” уруусу менен жакын байланыштырат.[1] Курамына “аба” уругу кирген алтай-телеуттар этногенетикалык жактан кыргыздар менен жалпылыгы илим чөйрөсүпдө далилденип келет.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  1. 1.0 1.1 1.2 Потапов, 1969, 168-169
  2. Рамсгедт, 1957, 59
  3. Еремеев, 1970, 38