Аватар: Акыркы аба башкаргыч

"Аватар: Акыркы аба башкаргыч" (англ. Avatar: The Last Airbender; кээбир жерлерде "Аватар: Аанг тууралуу легенда" (англ. Avatar: The Legend of Aang) деп берилет) - 2005-2008-жылдардын аралыгында Nickelodeon каналында үн сезон (ар бир эпизоддун аталышы китепкетиешелүү) көрсөтүлгөн америкалык анимацияланган телесериал. Бул сериалда Азия дүйнөсү чагылдырылган жана анда кээбир адамдар "башкаруу" деп аталган кытайлык уруш чеберчилигин колдоно билишет. Сериалда азиялык аниме жана америкалык мультфильм стилдери айкалышып, чыгыш азиялыктардын, инуиттердин, түштүк азиялыктардын, түштүк-чыгыш азиялыктардын жана жаңы дүйнө коомчулуктарынын образдары көрсөтүлөт. Ошондуктан сериалдын аниме болуп же болбогондугу көп талкууланат.

Сериалды DVD, iTunes Store, Zune Marketplace, Xbox Live Marketplace, PlayStation Store жана Amazon Videoлорунан көрүүгө болот.

Сериал көрсөтүүгө берилгенден кийин дүйнө жүзү боюнча көрүүчүлөр тарабынан жакшы сын-пикирлерге ээ болгон. Анын көркөм постановкасы, юмору, маданий билдирүүлөр, каармандар жана темалары өзгөчө мактоолорго ээ болгон. Ал ошондой эле жогорку кирешеге ээ болгон жана Nicktoons тизмесинде 5.6 миллион көрүүгө ээ болуу менен, жогорку бааланган шоу жана жогорку көрсөткүчкө ээ болгон сериал аталган. "Аватар: Акыркы аба башкаргыч" - бир нече сыйлыкка көрсөтүлүп, алардын ичинде Annie Awards", "Genesis Awards", " Primetime Emmy Award" жана "Peabody Award" cыйлыктарын жеңген. Биринчи сезон ийгиликтүү болгондон кийин, Nickelodeon экинчи жана үчүнчү сезондордун тартылышына тапшырыш берген.

Ал эми башка медия тарабынан катуу сынга алынса да, киреше жагынан ийгилик жараткан экшн тасма. Тасмага М. Найт Шемалан режиссерлук кылган жана анда илинген экшн фигуралар, карта оюндарын сатуу, үч видео оюн, Paramount Parks жана эки Lego топтому тараткан жаныбарлар бар. Ошондой эле 2010-жылдын ортосунда китеби чыккан. Ал эми "Корранын легендасы" (англ. The Legend of Korra) аттуу тасманын уландысы 2012-2014-жылга чейин көрсөтүлгөн.

Сюжети түзөтүү

Эпизоддор тизмеси түзөтүү

Каармандары түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү