Август кризиси 1991 — СССРдин жогорку жетекчилер тобунун жаңы Союздук келишимге кол коюуну үзгүлтүккө учуратуу аракетинен улам келип чыккан саясий кризис. СССРдин айрым жетекчилери союздук келишимди «Совет мамлекетин кыйратуу аракети» катары баалап, өлкөнү аскердик төңкөрүш аркылуу сактап калууну чечишкен. КПСС БКнын Генералдык секретары М. С. Горбачевдун Крымда эс алып жүргөндүгүнөн пайдаланып, СССРдин жогорку жетекчилеринен турган топ 1991-ж. 19-августа расмий түрдө өзгөчө абал боюнча мамлекеттик комитеттин (ГКЧП) түзүлгөндүгүн жана ал мамлекеттик бийликти толук колуна алгандыгын жарыялаган. Анын курамына СССРдин вице-президенти Г. И. Янаев, премьер-министр В. С. Павлов, СССРдин президентине караштуу коргоо Советинин төрагасынын орун басары О. Д. Бакланов, Ички иштер министри Б. К. Пуго, Коргоо министри Д. Т. Язов, Мамлекеттик коопсуздук комитетинин төрагасы В. А. Крючков жана башкалар кирген. Москвадагы коммунисттик козголоңду кыргызстандык коммунисттердин жетекчилиги да колдоп чыккан. ГКЧП оппозициялык партиялардын жана кыймылдардын, айрым гезиттердин ишмердүүлүгүнө тыюу салган. Москвага аскерлер киргизилген. ГКЧПнын уюштурулушуна каршы Москва, Ленинград, ошондой эле өлкөнүн башка шаарларында массалык демонстрациялар башталган. ГКЧПнын аракеттерине каршы кыймылдын башында РСФСРдин президенти Б. Н. Ельцин, ошондой эле РФнын башка жетекчилери турушкан. Кыргызстандын Президент баш болгон жаңы жетекчилиги, КДК сыяктуу демократиячыл күчтөр жана кыймылдар бул антиконституциялык түзүлүшкө каршы чыгышкан. Ал эми КРнын Президенти А. Акаев БУУга кайрылып, Кыргызстандын эгемендикке жана демократиялык багытка умтулган өлкө экендигин тастыктап, коммунисттик төңкөрүшчүлөргө каршы туруу үчүн эл аралык коомчулукка кайрылуу менен чыккан. Б. Ельциндин указдарында ГКЧПнын аракеттери өлкөдө мамлекеттик төңкөрүштү жасоо аракети катары айыпталган. 22-августа ГКЧПнын чыгуулары басылган. Анын жетекчилери, ошондой эле айрым саясий ишмерлер (анын ичинде СССР Жогорку Советинин төрагасы А. И. Лукьянов) камакка алынган (1994-ж. РФнын Мамлекеттик Думасы тарабынан акталган). 23-августа Б. Ельциндин указына ылайык, РСФСРдин аймагында Коммунисттик партиянын ишмердүүлүгү токтотулган. 24-августа СССРдин президенти М. С. Горбачев КПСС БКнын Генералдык секретары кызматынан кеткендигин билдирген. Латвия, Литва жана Эстония СССРдин курамынан чыккандыгы тууралуу жарыялаган. Алардын көз каранды эместиги СССРдин жетекчилиги тарабынан 1991-ж. 5-сентябрда таанылган. Август кризиси дезинтеграция процессин жана андан аркы СССРдин ыдыроосун тездеткен. Коммунисттик төңкөрүш кулаган соң, 1991-ж. 31-августа КРнын Жогорку Кеңеши «Мамлекеттик көз карандысыздык жөнүндө» Декларацияны кабыл алып, Кыргызстан өзүн расмий түрдө көз каранды эмес мамлекет катары жарыялаган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1