Авдий - (евр. Обадия Кудайдын кызматкери) 12 кенже пайгамбардын бири; Авдий аттуу библия китебинин автору. Болжол менен биздин заманга чейин 6-5-кылымда жашап өткөн. Авдий китеби пайгамбар Иереминин китебине окшошурак жана майдаланып бөлүктөргө ажырайт: туугандарды өлтүргөн араздыгын туудурган Едомдун айбын ачуу жана анын соттолушу; Едомду адилеттүү жазалоо; Кудайдын күнү жана бардык элдердин үстүнөн Кудай сотунун жүрүшү. Авдий Израилдин Ыйык жерди бийлөөсү калыбына келтирерлигин жана ал жер Кудайдын кудуретинин болочок бейнеси болот деген. Авдий мындай деп белгилеп кеткен: элдердин келечеги боло турганы алардын ыймандык абалына жараша болот. Авдийди эскерүү күнү православиелик чиркөө Улуу посттун биринчи жумасы 19-ноябрда (2-декабрда) белгиленет.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1