Аверсия (лат. aversio жерүү, эң жаман көрүү), жыныстык - жыныстык катнашууну жек көрүүдөн же көңүл калуудан келип чыккан түгөйлөр ортосундагы мамилелердин бузулушу (сейрек учурайт). Аялда жыныстык запкыдан (зордуктоо, күйөөсүнөн көңүлү калышы) улам анын психикасына доо кеткенде пайда болот. Аверсия ар кандай даражага, мисалы, ынакташуу учурунда чыккан кенедей ызалануудан тартып, ынагын таптакыр көргүсү келбөө абалына чейин жетиши мүмкүн. Эркектерде аверсия кээде сексуалдык өзгөрүүнүн белгиси болушу мүмкүн. Аверсиядан толук айыгат, аны дарылоодо психотерапевдик ыкмалар колдонулат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1