Авершин Степан Гаврилович

Авершин Степан Гаврилович (30. 10. 1901, Курск облусу, Беловск району, Крупец кыштагы, 9. 10. 1972, Москва) тоокен иштери боюнча илимпоз, техника илимдеринин доктору (1946), профессор (1946), Кыргыз ССР ИАнын академиги (1961), Россиянын илим жана техникага эмгек сиңирген ишмери (1961). Авершин 1931-ж. Ленинград тоокен институтун бүтүрүп, Ленинграддагы Бүткүлсоюздук маркшейдердик илимий-изилдөө институтунда, 1962-жылдан Кыргыз ССР ИАнын Тоотектеринин физикасы жана механикасы институтунда иштеген. 1965-ж. Кыргыз ССР ИАнын вице-президенти болуп шайланган. Авершиндин эмгектери негизинен тоокен иштеринде көмүр жана кен казмаларында тектердин механикасын, басымын жана алардын жылышууларын изилдөөгө багытталган. Илимдин бул тармактары боюнча 100гө жакын илимий эмгеги бар. А. СССР мамлекеттик сыйлыгынын эки жолку лауреаты (1968, 1971). Октябрь Революциясы, Эмгек Кызыл Туу ордендери жана медалдар менен сыйланган. Эмгектери: Сдвижение горных пород при подземных разработках. М., 1947; Горные удары. М., 1956; Поддержание горных выработок на шахтах Киргизии (Зотов С. В., Ялымов Б. Г. менен авторлош). Ф., 1968.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1