Авиамодель спортуспорттун кеңири таралган түрү; учуучу моделдерди (самолёт, планер, вертолёт, ракета жана башка) конструкциялоо жана даярдоо, ылдамдыгын, учуу узактыгын жана жогорку пилотаждык фигураларды аткаруу сапатын сыноону башкаруу боюнча мелдеш. Учуучу моделдердин 1-мелдеши 1905-ж. Францияда өткөрүлгөн. Ага планер моделдери гана катышкан. Эл аралык авиамодель комиссиясы 1923-ж. негизделген. Бул спорт боюнча мелдештер негизги категорияга бөлүнөт: эркин учуучу; айланып учуучу; радио менен башкаруучу. Дүйнөлүк чемпионат 1925-жылдан өткөрүлөт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1