Авиация кыймылдаткычы - учуучу аппараттарды (самолёт, вертолёт, канаттуу ракета, дирижабль жана башка) кыймылга келтирүүчү жылуулук кыймылдаткычы. А. Ф. Можайскийдин самолётуна орнотулган (1885) буу кыймылдаткычы алгачкы авиация кыймылдаткычы болгон. Иштөөсүнө карата ичинен күймө бышкектүү (поршендүү) кыймылдаткыч, аба-реактивдүү кыймылдаткыч жана реактивдүү самолёт кыймылдаткычы деген 3 негизги класска бөлүнөт. Авиация кыймылдаткычына коюлуучу негизги талаптар: керектүү тартуу (тяга) же кубаттуулук кезинде массасынын жана өлчөмүнүн кичине болушу, ишенимдүүлүгүнүн, жумуш ресурсунун жана отундун үнөмдүүлүгүнүн жогорулугу; экологиялык параметрлеринин (чуу, атмосферага зыяндуу заттардын бөлүнүшү) учурдагы нормаларга шайкештиги. Авиация кыймылдаткычы кийинчерээк бүт өлкөдө ичинен күймө бышкектүү кыймылдаткычтын негизинде жасала баштайт. Авиация кыймылдаткычы бурама сайлуу реактивдүү жана айкалышкан турбобуралгылуу болуп бөлүнөт. Тартуу күчү реактивдүү кыймылдаткычта күйүүчү газдын чоң ылдамдыкта соплодон агып чыгышынан, буралгылуу кыймылдаткычта буралгынын айлануусунан, айкалышкан турбовинттүү кыймылдаткычта аба буралгысынын айланышынан жана күйүүчү заттардын агымынан пайда болот. Бышкектүү авиация кыймылдаткычы учуу ылдамдыгы 200—500 км/с вертолётордо, турбобуралгылуу авиация кыймылдаткычынын ылдамдыгы 500—800 км/с болгон самолёттордо колдонулат. Улуу Ата Мекендик согуштан кийинки турбореактивдүү авиация кыймылдаткычынын ылдамдыгы 960 км/ска жеткирилген. 1965—67 жылдарда турбореактивдүү жана турбобуралгылуу авиация кыймылдаткычытарынын негизинде эки контурлуу турбореактивдүү кыймылдаткычтар пайда болгон. Алар үн ылдамдыгына жакын жана андан жогорку ылдамдыкта учуучу самолёттордо колдонулат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1