Авиация спортуспорттун авиациялык түрлөрүнүн жалпы аты. Ага авиамодель спорту, парашют спорту, планер спорту кирет. Эл аралык авиация федерациясы 1905-ж. түзүлгөн. Авиация спорту Кыргызстанда 1934-ж. пайда болгон. Бишкектеги авиациялык клубда көп сандаган атактуу учкучтар (алардын катарында эки жолку Советтик Союздун Баатыры Т. Бегельдинов жана башка) тарбияланган. Азыр республикада авиация спортунун көптөгөн чеберлери бар, анын ичинде И. Иванников авиамоделизм боюнча дүйнөнүн рекордсмени.

Авиация спорту.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1