Аврора (лат. Aurora) байыркы рим мифологиясындагы кудайларга жана адамдарга жарык тартуулоочу таңзаарынын кудайы. Ал байыркы грек мифологиясындагы Эос кудайына ылайык келет. Антикалык искусстводо Эос-Аврора сүрөтү сейрек учурайт. Алар көбүнесе вазаларда тартылган сүрөттөрдө кездешет. Аврора жаркыраган аттарга чегилген арабада океандан асманга көтөрүлгөн жаш, канаттуу аял катары, ошондой эле канаттуу кудай эне түрүндө ар түрдүү эпизоддордо: Кефалды тейлеген учуру, Мемнонду жоктоп ыйлаганы чагылдырылган. Мындай вазалар Луврда (Париж), Римде жана башка жерлерде сакталууда.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1