Автобус (авто (мобиль) жана (омни) бус) — жүргүнчү ташуучу автотранспорт. Азыркы кездеги автобустун тарыхый «бабасы» омнибус белгилүү маршрут боюнча жүргүнчү ташуучу, жалпы пайдалануудагы транспорт каражаты катары чыккан. Ат сүйрөгөн омнибус менен шаар ичинде жүргүнчүлөрдү ташуу алгачкы жолу 1662-ж. Францияда уюштурулган. Автобус 20-кылымда пайда болгон. Алгач ал жыгач чанак (кузов) орнотулган жүк машинасынын шассисин элестетчү. Автобус 1914-жылдан кеңири пайдаланууга бериле баштаган. Москвада такай жүргөн автобус каттамы боюнча жүргүнчүлөрдү ташуу 1924-жылдан, Бишкекте 1945жылдан кийин уюштурулган. Автобус класстарга (микроавтобустан өтө чоң автобуска чейин), ар бир класс, өз кезегинде, арналышына карата модификацияга (шаардык, шаар айланасындагы, шаар аралык (туристтик), жерг. каттамдагы, алыска каттоочу) бөлүнөт. Жүргүнчүлөргө арналган микроавтобуста 9-15, өтө чоңунда 250гө чейин орун болот; ылдамдыгы 120 км/с (алыска каттаган автобус үчүн). Анын чанагы вагон түрүндө жасалат. Астыңкы негизине кыймылдаткыч, кыймыл берүү кутусу, алдыңкы жана арткы дөңгөлөк октору бекитилет. Кыймылдаткыч автобустун алдына, ортосуна же артына орнотулат. Азыркы автобуста жүргүнчүлөр үчүн жана айдоочуга зарыл түрдөгү жайлуу орундар камсыздалган.

Benz-Omnibus, 1896

Булактар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1