Автограф (грек.— өзүм жазам) — автордун өзү жазган кол жазмасы, каты же өз китебине коюлган колу.

МАртин Лютердин колу

Атактуу жазуучулардын чыгармачылыгын изилдөө ишинде автографтын мааниси чоң. Улуу адамдар — коомдук ишмерлер, окумуштуулар, искусство чыгармаларынын классиктери өз автографтарын калтырышат. Алар илим изилдөө институттарында, музейлерде, архивдерде сакталат. Мисалы, кыргыз жазуучуларынан А. Осмонов, М. Элебаев, Ж. Бөкөнбаев сыяктуулардын автографтары Кыргыз ССР илимдер академиясыиын кол жазма фондусунда сакталып турат. Автографтар жазуучулардын чыгармачылык жолун тактоо, көркөм өзгөчөлүгүн аныктоо ишинде, текстологиялык (к.) изилдөөдө чоң жардам берет, сөз чеберлеринин чыгарманы кантип жараткандыгы жөнүндө так маалымат бериши менен да пайдалуу болот.

Колдонулган булак түзөтүү

http://kyrgyzinfo.ru Archived 2021-09-22 at the Wayback Machine