Автодром (авто... жана гр. dromos гимнастикалык, ат ойнотуучу аянт, чуркоочу жай), автомобиль полигону автомобиль спорту боюнча мелдеш өткөрүүчү жана автомобиль сыноочу аянт. Узундугу 3-10 км, туурасы 10-18 м. Автодромдор 20-кылымдын башынан курула баштаган, анын курулуш комплексине трибуна, фигуралык айдоо боюнча мелдеш өткөрүүчү аянтча, автомобилдерди техникалык жактан тейлөөчү имарат жана башкалар кирет.

Автодром.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14—046—1